Адабият теориясы

Wikipedia дан

Адабият теориясы - сөз өнөрүнүн табиятын, анын жолдору менен методологиясын, адабий процессти, рухий-эстетикалык баалуулуктарын, анын структурасын жана өнүгүшүнүн жалпы мыйзамченемдүүлүктөрүн изилдей турган адабият таануу илиминин бир бөлүгү. Ал көркөм адабияттын пайда болуу жана өнүгүү мыйзам ченемдерин, өзгөчөлүгүн, социалдык табиятын жана маанисин изилдеп, адабияттын идеялык-эстетикалык тажрыйбасын теориялык жактан жалпылайт, адабий процесстин түпкүлүктүү мыйзамдарын ачат, адабияттык анализдин жана синтездин принциптерин иштеп чыгат. Адабият теориясы эң оболу адабият тарыхы менен байланыштуу өнүгөт. Ал ошондой эле эстетика, адабий сын менен да эриш-аркак байланышта болот. Адабият теориясы өзүнүн теориялык корутундуларын иштеп чыгууда бир чети эстетиканын мыйзамченемдүүлүгүнө таянса, бир чети адабият тарыхында чогултулган фактыларга таянат. Өз кезегинде адабият теориясынын негизги жоболору адабият тарыхчысы менен сынчынын ишине таасирин тийгизип, жалпы адабий процессти анализдөөнүн принциптерин аныктайт. Адабият теориясынын тарыхы байыркы доордогу (Индостан, Кытай, Байыркы Грек, Байыркы Түрк ж. б.) элдердеги сөз өнөрүнө коюлган талаптардан башталары айтылып келет. Адабият теориясынын башталышында Аристотель менен Абу Наср ал-Фараби жана башкалардын эмгектери турат. Аристотелдин «Поэзия өнөрү жөнүндө» («Поэтика») трактатынын, башка дагы байыркы доордун эстетикасы тууралуу жазган эмгектеринин мааниси чоң. Абу Наср ал-Фарабинин «Ыр өнөрүнүн эрежелери» тууралуу трактатынын да орду адабият теориясында өзгөчө. 17-18-кылымдан баштап Буало, Дидро, Лессинг, Гердер, Гёте, Шиллер, 18-кылымдын аягы -19-кылымдын башында немец философтору Кант, Фихте, Шеллинг, Гегель ж. б. адабияттаануудагы баштоочтордон болгон. Россияда М. В. Ломоносов, Д. Н. Радищев, В. Г. Белинский, Н. Г. Чернышевский, А. Н. Дорболюбов, А. Н. Герцен ж. б. адабият теориясынын өнүгүшүнө чоң салым кошушкан. Бүгүнкү замандын адабияттаануусуна көз салсак, сөз өнөрүнүн теориялык деңгээлин жогору бийиктикке көтөргөн амер. илимпоздор Р. Уэллек менен О. Уоррендин «Адабият теориясы» (1949) деген эмгеги болду. Ал түрк (1960), орус (1978) ж. б. тилдерге которулду. Орус адабияттаануу илиминде адабият теориясы боюнча Б. В. Томашевскийдин, Л. И. Тимофеевдин ж. б. эмгектери белгилүү. Адабият теориясын иликтөө ишинде Казакстандын, Кыргызстандын адабиятчыларынын өз салымдары бар. Мисалы казак илимпоздору К. Жумалиевдин «Адабият теориясы» (1969), Е. Ысмаиловдун «Адабият теориясы» (1940), 3. Кабдоловдун «Сөз өнөрү» (1982), 3. Ахметовдун «Өлөң сөздүн теориясы» (1973) ж. б., кыргыз адабиятынын теориялык маселелери боюнча Т. Саманчиндин, Б. Керимжанованын, К. Рахматуллиндин, И. Рысалиевдин, М. Борбугуловдун, К. Асаналиевдин, Р. Кыдырбаеванын, А. Садыковдун ж. б. эмгектери бар.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | edit source]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1