Адабий сын

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Адабий сын - адабият таануунун курамдык бир бөлүгү; адабий чыгармачылыктын бир түрү. Адабий сын учурдагы адабий процесстин жалпы өнүгүш багыттарын жана өзгөчөлүктөрүн, ийгиликтерин жана мүмкүнчүлүктөрүн талдап, адабий көрүнүштөргө, жеке жазуучулардын чыгармаларына, айрым бир чыгармага өз убагында идеялык-эстетикалык баа берет. Адабий сындын кош милдети бар: ал бир чети учурдагы адабий тажрыйбага таасир этсе, бир чети китеп окурмандардын идеялык-эстетикалык көз карашын жана көркөм табитин тарбиялайт. Адабий сын адабият тарыхы жана адабият теориясы, эстетика менен тыгыз байланышта болот, сындын өз заманындагы адабий кубулуштар жөнүндө баалары, байкоолору, тыянактары бара-бара адабият тарыхына өтүп, адабият теориясы менен эстетиканы да байытат. Адабий сын байыркы замандарда эле көркөм адабиятты ээрчий чыгып, адабият жөнүндөгү жалпы билимдердин арасында өнүгүп келген. Анын өз алдынча бөлүнүп, өз алдынча өнүгө башташы ар кайсы калктарда мезгилдүү басма сөздүн пайда болушу жана өнүгүшү менен байланыштуу.

Орус адабий сыны В. Г. Белинскийден тартып бийик деңгээлге көтөрүлгөн жана коомдук процесс, демократия үчүн адабияттагы идеялуулук, элдүүлүк, чынчылдык үчүн күрөштө зор роль ойногон. Анын сөзү менен айтканда адабий сын «кыймылдагы эстетика».

Коом турмушунда адабияттын мааниси өйдөлөгөндө, көркөм чыгармачылык өрчүгөндө, жалпы элдин эстетикалык талаптары өскөндө, адабий сындын ролу да жогорулай берет.

Адабий сын макала, рецензия, адабий портрет, обзор, дилмаек, талаш-тартыш ж. б. формада жазылат.

Кыргыз адабий сыны жазма адабиятыбыз менен удаалаш пайда болуп, ыкчамдаган жолду басып өттү. 1920-жылдардагы кыргыз адабий сынынын жаралуу, телчигүү мезгили Б. Даныяр уулу, М. Дөгдүров, Т. Жолдошев, К. Тыныстанов, А. Токомбаев, С. Карачев, Ө. Жакишев, К. Рахматуллин өңдүү алгачкы адабият, маданият ишмерлеринин ысымдары менен байланыштуу. Көрүнүктүү коомдук ишмер Т. Жолдошевдин кыргыз адабий сынынын, адабияттаануу илиминин түптөлүшүнө кошкон салымы зор. Өз учурунда анын «Адабият майданында» (1926), «Көрктүү адабият жана акындарыбыз» (1927-28), «Октябрь жана кыргыздын адабияты» (1928) ж. б. макалалары жарык көргөн. 30-жылдардын адабий сынынын өнүгүшү, калыптанышы үчүн кыргыз адабиятынын пайдубалын түзүшкөн акын-жазуучулар А. Токомбаев, М. Элебаев, К. Маликов, Ж. Бөкөнбаев кыйла эмгек сиңиришти. 50-жылдарда адабий сын Ш. Үмөталиев, А. Салиев, Б. Керимжанова, К. Асаналиев, К. Укаев, М. Борбугулов, кийинчерээк К. Бобулов сыяктуу жаш күчтөр менен толукталган. 70-80-жылдар кыргыз сынынын бийиктөө мезгили болгон. Бул мезгилде орто муундагы адабиятчы, сынчылардын ишмердиги менен катар С. Жигитовдун, К. Даутовдун, А. Эркебаевдин чыгармачылыгы кыргыз сынынын өнүгүшүнө, профессионалдык чеберчилигинин артышына кыйла көмөк көрсөттү. Бүгүнкү күндө кыргыз адабиятчыларынын, сынчыларынын алдында көркөмдүк маселесин, адабий процессти мезгил талабына шайкеш жаңыча баалоо милдети турат.


Кыргыз Республикасынын УИАсынын президентинин милдетин аткаруучу, академик, сынчы Абдыганы Эркебаев жазуучу Кеңеш Жусуповдун 75 жылдык мааракесине жана анын жаңы китебинин бетачарына арналган салтанаттуу жыйында. Кыргыз улуттук китепканасы. Бишкек шаары. 2012-жылдын бештин айынын (декабрынын) 1и.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1