Рецензия
Рецензия (лат.— караштыруу) — көркөм чыгарманын, спектакльдердин, кинофильмдердин, илимий эмгектердин идеялык-көркөмдүк салмагын талдоого алган адабий сын мүнөзүндөгү макалалар. Адатта рецензия адабий сындын оперативдүү формасы болуп, көркөм чыгарма жарыялангандан көп узабай жарык көрөт. Өзүнүн объектиси кылып көбүнчө бир чыгарманы алат.