Эркебаев, Абдыганы

Wikipedia дан
Кыргыз Республикасынын УИАсынын президентинин милдетин аткаруучу, академик Абдыганы Эркебаев жазуучу Кеңеш Жусуповдун 75 жылдык мааракесине жана анын жаңы китебинин бетачарына арналган салтанаттуу жыйында. Кыргыз улуттук китепканасы. Бишкек шаары. 2012-жылдын бештин айынын (декабрынын) 1и.

Абдыганы Эркебаев (1953) - кыргыздын мамлекеттик жана коомдук ишмери, сынчы, адабиятчы. Филология илимдеринин доктору (1992), Кыргыз Республикасынын УИАсынын академиги (1993). Кыргызстандын Улуттук ИАсынын президенти болуп (2012-жылдын 11-апрелинен 2017-жылдын апрелине чейин) иштеген.

Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Абдыганы Эркебаев Кыргызстандын Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районуна караштуу Кара-Тейит айылында 1953-жылы 1-сентябрда туулган.

1975-жылы КМУнун филология факультетин кыргыз тили жана адабияты адистиги боюнча артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

1976-жылдан Москвадагы М.Горький атындагы дүйнөлүк адабияттар институтунун стажеру, аспиранты болгон.

Эмгек жолун Кыргызстан ЛКЖС БКнын пропаганда жана маданий-массалык иштер бөлүмүндө лектор болуп иштөө менен баштаган.

1982–1985-жж. жана 1987–1988-жж. КЖПИде орус жана чет өлкөлүк адабияттар кафедрасынын улук окутуучу болгон.

1985-жылдан «Кыргызстан маданияты» гезитинин башкы редакторунун орунбасары болгон.

1988-жылдан Кыргыз ССРинин ИАсынын Тил жана адабият институтунун директору,

1990-жылдан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты,

1991-жылы КРнын Басма сөз жана маалымат министри,

1992-жылы Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри,

1993-жылдан Ош облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы,

1995-жылдан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты,

1997-жылдан Жыйындын төрагасы болгон.

2000-жылдан КРнын ЖКнын Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы болгон.

Кийинчерээк КРСУнун проректору болуп иштеди.

2012-жылдын 11-апрелинде Кыргызстандын премьер-министри Өмүрбек Бабановдун буйругу менен Улуттук илимдер академиясынын президенти Шарипа Жоробекованын мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетүү боюнча жазылган арызына ылайык Абдыганы Эркебаев Улуттук илимдер академиясынын президентинин милдетин аткаруучу болуп мыйзамда аныкталган тартипте шайланганга чейин дайындалды.
Андан соң КР УИАсынын президенти болуп шайланып, бул кызматты 2017-жылдын апрелине (өз ыктыяры менен кызматын тапшырганга чейин) аркалап келди.


Илимий жана адабий чыгармачылыгы[оңдоо | булагын оңдоо]

Филология илимдеринин доктору, Кыргызстан Улуттук Илимдер Академиясынын академиги.

10 китептин жана адабият, искусство жана сая-сат боюнча 200дөн ашык макалалардын, рецензиялардын автору.

1980-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Үй-бүлөсү[оңдоо | булагын оңдоо]

Үй-бүлөлүү. Өмүрлүк жубайы - Бурул Жаналиева.
Кызы - Гүлайым, уулдары – Азат, Аскарбек.

Тээ 1976-жылы баш кошкон өмүрлүк жубайы Бурул Жаналиева тууралуу Абдыганы Эркебаев 2007-жылы 18-октябрда мындайча маек курган:

«1970-жылы жайында абитуриент кезибизде таанышканбыз. 6 жыл сүйлөшүп жүрүп, баш кошконбуз. Бирок, эл катары той өткөрө алган жокмун. Ошондогу шартымды түшүнгөн келинчегиме ыраазы болом. Ижарада жашап, нан сатып алганга тыйын таппай калган күндөр болгон. Ошол кыйынчылыктардын баарын көтөрүп, мени менен бирге жүрдү. "Адабияттын ак тактары" аттуу китебиме "Эң кыйын күндөрдө ушу эмгектин жаралышына күбө болгон, мени колдогон жарыма" деп атайы арноо жазып коеюн деген ниетим бар болчу. Бирок, бизде ар түркүн психология бар эмеспи, кайра тартынып койдум. Кудай буюрса, дагы ошондой китеп жазып, арначу күн келээр...» - деген академик А.Эркебаев.


Сыйлыктары. Наамдары[оңдоо | булагын оңдоо]

А.Эркебаев – республиканын Ленин комсомолу жаштар сыйлыгынын жана Казакстандын Т.Айбергенов атындагы алтын көпүрө сыйлыктарынын ээси.

Чыгармаларынын чакан тизмеси[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз тилинде[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Азыркы учур жана кыргыз поэзиясы: Адабий-сын макалалар. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 140 б.
  • Кыргыз прозасынын контрасттары: Сын макалалар. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 140 б.
  • Сын жана сынчылар: Макалалар, портреттер, пикирлер. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 160 б.
  • Элдик эпостон адабий эпоско. – Ф.: Кыргызстан, 1990. – 210 б.
  • Кыргыз адабиятынын аз изилденген барактары. – Б.: Учкун, 2004. – 215 б.
  • Татаал тагдыр – таза жол. – Б.: Учкун, 2004. – 320 б.

Орус тилинде[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Малоизученные страницы истории киргизской литературы. – Б.: ЖЭКА ЛТД, 1999. – 198 с.
  • 1990 год: Приход к власти А.Акаева. – Б.: изд. дом «Кыргызстан», 1997. – 103 с.
  • Десять лет в политике. Б.:Жека, 2000. – 160 с.

Ал тууралуу адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кто есть кто в кыргызской науке: Краткий биобиблиогр. справочник докторов наук Кыргызстана / Под ред. акад. У.А.Асанова. — Бишкек: Гл. ред. Кыргызск. энциклопедии, 1997. — 672 с.
  • Писатели Советского Киргизстана: Справочник / Авторы-составители К.Ботояров, Р.Момунбаева; сост. А.Макеева; Редколл.: Барпы Рыспаев (глав. ред.) и другие. - Фрунзе: "Адабият", 1989. - 656 стр. - (здесь: С. 246-247). - ISBN 5-660-00084-3.
  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004.


Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]