Мазмунга өтүү

Виссарион Григорьевич Белинский

Википедия — ачык энциклопедия
("Белинский, Виссарион Григорьевич‎"‎ барагынан багытталды)
Виссарион Григорьевич Белинский
Толук аты-жөнүВиссарион Белинский
Төрөлгөн11.6.1811
Хельсинки чептигинде, Финлянддык улуу князчылыг
Көз жумган7.6.1848
Санкт-Петербург, Орусия империясы
АймакАдабий сынчы, публицистика
Кызыккан темаларадабий сынчы , жазуучу, публицист, философ

Виссарион Григорьевич Белинский (30 мая [11 июнь] 1811, Свеаборг чептиги, Финлянддык улуу князчылыгы — 26 май [7 июнь] 1848, Санкт-Петербург) – орус демократ, адабият сынчысы, философ, төңкөрүшчү.

Сынчы катары Орусиянын коомдук кыймылына олуттуу таасир тийгизген. Философ катары Гегелдин окуусун, диалектикалык методун өркүндөтүп, орус тилине батыш Европа философиялык адабиятынан биртоп түшүнүктөрдү киргизген.

Искусствонун конкреттүү – тарыхый эстетика жана адабий сындын шарттарын иштеп чыккан. Белинский өзүнүн дүйнөгө болгон көз карашында «абстрактуу каармандык», «сулуу жандын чындык менен согушу» жагдайларынан 19-кылымдын 30-жылдарынын аягында Гегелдин философиясынын таасири астында «чындык менен макул болуу» этабын өткөн. Коомдук кубулушту дүйнөлүк аң-сезимдин өнүгүүсүнүн бир этабы катары карап, адам баласынын дүйнөлүк аң-сезимге каршы күрөшүүгө укугу жок деп эсептеген.

1841-жылдан Белинский революциячыл демократизмге, утопиялык социализмге, кийинчерээк атеисттик жана материалисттик позицияга өтөт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]