Портрет (адабият)

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Портрет (француз тилинен – сүрөт, көрүнүш)

1.Чыгармадагы каармандын сырткы өңү-түсүнүн, кебете-кешпиринин, кийим-кечесинин, жүрүш-турушунун, кылык-жоруктарынын сүрөттөлүшү. Жакшы жазылган аркылуу каармандын образы ачылат, адамдын тышкы көрүнүшүн сүрөттөө аркылуу автор анын ички дүйнөсүнөн кабар берет. Ч. АйтматовЭрте келген турналар” повестинде башкарма Тыналиевдин портретин төмөнкүдөй сүрөттөйт: “Аскерден кие келген боз шинели үстүнөн түшпөгөн, көк тумагы башында, асынма сумкасы капталында, өзү жаш болсо да, караганы катаал, кабагы түнт, кабыргасы кем капталына кыйраңдай баскан, бет отунун сөөгү чыгып, арыктап калган...” Же, атасы Жакып жаңыдан көргөндөгү Манастын портрети:

Маңдайы жазы, башы кууш,

Бар боюнда турат тууш!

Кочкор тумшук, кош кирпик
Көркү калча, көзү тик!
Жалаяк ооз, жар кабак,
Жаагы жазы, ээги узун,
Эрди калың, көзү чуңкур,
Эр мүнөзү көрүнөт.
Кең көкүрөк, жайык төш,
Аркасы кең, бели түз,
Айбаты катуу, заары жүз,
Пил мүчөсү көрүнөт!
Жолборс моюн, жоон билек,
Бөрү кулак, жолборс төш
Бөлөкчө түрү бар экен.
(“Манас”, Сагымбай Орозбак уулу (Орозбаков) вариантынан) Мында эпикалык түзүүнүн фольклордук ыкмасы гипербола кеңири колдонулуп жатат. Мына ушул портеттик сүрөттөөлөрдөн каармандардын ким экендигин, алардын өткөн жана азыркы абалын билүүгө болот. 2. Кээ бир акын-жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө жазылган илимий чыгармаларында кээде деп аталат (мисалы, К. Асаналиев, К. Артыкбаев, А. Садыков, Б. Керимжанова сыяктуу адабиятчылардын Т. Сыдыкбековдун, Ч. Айтматовдун, А. Токомбаевдин, А. Осмоновдун, Жоомарт Бөкөнбаевдин чыгармачылыгынын айрым маселелери жөнүндө жазган илимий сын китептери, макалалары.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004 [Категория: дабият]]