Мазмунга өтүү

Михаил Ломоносов

Википедия дан
Ломоносов Михайло Васильевич
Туулган жылы:

19 -ноябрь 1711(1711-11-19)

Туулган жери:

Мишанинская айылы, Архангелогород губерниясы, Орус падышалыгы

Каза болгон жылы:

15 -апрель 1765(1765-04-15) (53 жаш)

Каза болгон жери:

Санкт-Петербург шаары, Орусия империясы

Өлкө:

 Орусия

Илимий чөйрөсү:

Химия, табият таануу, физика, минералогия, тарых, филология, металлургия, механика, астрономия

Иштеген жери:

Петербург илимдер академиясы
Марбургский университети
Фрайбергдеги тоо лабораториясы

Илимий наамы:

Императордук көркөм академиясынын академиги
Петербург илимдер академиясынын академиги
Стокгольм жана Болон илимдер академиясынын ардактуу мүчөсү

Альма-матер:

Марбургский университети (1739)
Славян-грек-латын академиясы (1734)
Киев-Могилян академиясы (1735)
Петербург илимдер академиясынын академиялык университети (1736)
Фрайберг тоо академиясы

Илимий жетекчиси:

Христиан фон Вольф

Белгилүү окуучулары:

Степан Яковлевич Румовский

Белгилүү болгондугу:

окумуштуу-энциклопедист, Москва университетинин негиздөөчүсү

Белгилүү болгондугу:

окумуштуу-энциклопедист, Москва университетинин негиздөөчүсү

Кол тамгасы

Кол тамгасы

Ломоносов Михаил Васильевич (8. 11. 1711, Орусия, Архангел облусу, Денисов кыштагы – 4. 4. 1765, Петербург шаары) – биринчи орус окумуштуусу, табият таануучу, физикалык химияны негиздөөчүлөрдүн бири, акын, сүрөтчү, тарыхчы, тилчи, орус билим берүүсүнүн жана илиминин өз алдынча өнүгүшүн жактоочу[1]. 1731-ж. Москвадагы Славян-грек-латын академиясында, 1735-ж. Петербургдагы Академиялык университетте, 1736– 41-ж. Германияда билим алган. 1742-жылдан Россия ИАнын физика классынын адъюнкту, 1745-ж. Петербург ИАнын химия боюнча 1- орус академиги болуп шайланган. 1748-ж. 1-химиялык лабораториясын түзгөн. Ломоносовдун демилгеси менен Москва университети негизделген. Ломоносовдун ачылыштары илимдин көп тармактарын байыткан. Заттын молекула-кинетикалык теориясынын негизги жоболорун иштеп чыккан. «Жылуутек» деген теорияга каршы туруп, жылуулук заттардын бөлүкчөлөрүнүн кыймылы менен шартталгандыгын белгилеген. Материя менен кыймылдын сакталуу принцибин, атмосферадагы электр кубулушун жана оордук күчүн аныктаган. Оптикалык приборлорду ойлоп чыгарган («түндө көрүүчү түтүк», күзгүлүү телескоп). Чолпон планетасында аба катмары бар экенин ачкан. Жердин түзүлүшүн аныктап, пайдалуу кендердин, минералдардын келип чыгышын түшүндүргөн. Орус тарыхы боюнча китептердин автору. Мозаика өнөрү менен смальта өндүрүүнү калыбына келтирип, шакирттери менен мозаикалык сүрөттөрдү жараткан. Сүрөт академиясынын мүчөсү болгон (1763).

1956-ж. СССР ИА табият жана гуманитардык илимдер боюнча көрүнүктүү эмгектерге берилүүчү Ломоносов атындагы эки алтын медалды (биринчиси советтик, экинчиси чет элдик окумуштууга берилүүчү) белгилеген. Ленинград облусундагы шаар, Атлантика океанындагы агым, тоо чокусу, Түндүк муз океанындагы суу чокусу, Батыш Шпицберген аралындагы дөңсөө Ломоносовдун ысымын алып жүрөт. Эмгектери: Полное собрание сочинений Т. 1–10. М.; Л., 1950–83; Избр. труды по химии и физике. М., 1961; Избр. произведения. М., 1986. Т. 1–2.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Ломоносов Михаил Васильевич Archived 2020-06-25 at the Wayback Machine // Русский биографический словарь

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]