Минералогия

Википедия дан
Мусковит.

Минералогия (минерал жана ...логия) — минералдардын хим. составы, физ. түзүлүшү, пайда болушу, жаратылыштагы орду жана өзгөрүлүшү жөнүндөгү илим; геологиянын бир тармагы.

Минералогиянын негизги багыттары: кен байлыктарды табуу, аларды комплекстүү түрдө о. ж., а. ч. тармактарына пайдалануу; физ. касиетине ка­рата мпнералдарды ажыратуу; пайда болушун, топтолушун, пайдалуу бирикмелерин бөлүп алуу технологиясын жана экон. шартын аныктоо; минералдардын ар кандай шартта пайда болуу касиетин изилдеп, синтез жол менен жасалма минералдарцы (алмаз, оптикалык флюорит, кварц ж. б.) алып, о. ж. тармактарына пайдала­нуу; минералдардын таралыш жана кездешүү шартына карата жер бетин райондорго бөлүү. Минералогиянын ил. негизин физика, химия, кристаллография сыяктуу так илимдер түзөт.

Минералогия — геология илиминин эң байыркы тармактарынын бири. Байыркы кезде эле адам баласы ар кандай таштан (нефрит, оттук таш ж. б.) түрдүү курал жасаган. Минералдар­дын эң байыркы классификациясы Аристотелдин эмгектеринде кездешет. 11-кылымдагы Орто Азия илимпоздору Бируни менен Ибн Сина Минералогия илиминин тарыхында көрүнүктүү орун ээлейт.

Ибн Сина бардык минералды төрткө бөлгөн[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. таштар жана топурактар;
  2. күкүрт минералдары;
  3. металдар;
  4. туздар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.