Осмоналиев Токтомурат

Википедия дан

ТОКТОМУРАТ ОСМОНАЛИЕВ - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониянын чебер комузчусу.

1955-жылы 2-июнда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Суу айылында туулган. 1962-жылы Тоголок-Молдо атындагы орто мектепке 1-класска кирип, 1972-жылы 10-классты бүтүргөн.

ЭМГЕК ЖОЛУ ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ

1972-1973-жылга чейин «тайгараев» совхозунда слесарь болуп иштеген. 1973-жылы Ош мамлекеттик профессионалдык музыкалык окуу жайына тапшырып, 1975-жылга чейин окуган. 1975-жылы Ош мамлекеттик музыкалык факультетине тапшырып, 1979-жылы аяктаган. 1979-жылдан баштап  Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Октябрь айылдык балдар музыкалык мектебинде комуз сабагынан мугалим болуп эмгектенген. 1989-1990-жылга чейин директор болуп иштеген. 1990-жылдан окуу бөлүмүнүн башчысы, комуз сабагынан мугалим болуп, азыркы убакка чейин талыкпай иштеп келе жатат. Республикалык бир нече жолку ошондой эле эки жолку бүткүл Союздук жана эл аралык конкурстардын, фестивалдардын лауреаты болууга жетишкен. 1976-1978-жылдары «Студенттик жаз» - фестивалына катышып I- даражадагы диплому менен сыйланып, комузчулар арасында лауреат аталган. 1982-жылы К.Орозовдун 100 жылдыгына карата өткөн республикалык кароо-сынакта I даражадагы дипломго ээ болуп, лауреат аталган. 1987-1988-жылдары эки жолку «Бүткүл Союздук» конкурстардын лауреаты жана медалдын ээси деп табылган. 1989-жылы Т.Сатылгановдун125 жылдыгына карата Республикалык комузчулардын кароо-сынагында баш байгенин ээси, ошондой эле «Тогуз кайрык» телеконкурсунун женүүчүсү. 1990-жылы «Биз таланттарды издейбиз» аттуу кароо-сынагында 1-даражадагы дипломунун ээси. 1993-жылы «Шерине» жана «Сармерден» Республикалык телеконкурсунун жеңүүчүсү. 1996-жылы «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги» деген наамга ээ болгон. 1997-жылы 27-августта «Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын күнүнө карата» Республикалык комузчулардын кароо-сынагында 1-даражадагы диплом менен сыйланган. 1998-жылы Сузак райондук мамалекеттик администрациясынын ардак громатасы ыйгарылган. 2001-жылы Турция мамлекетинде болуп өткөн «Эл аралык телефестивалынын лауреаты» болгон. Ушул эле жылы Жалал-Абад облустук администрациясы тарабынан «Жылдын мыкты комузчусу» деп табылган. 2004-жылы Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз автономиялык облусунун 50 жылдык майрамына карата комузчулар ансамблин даярдап, кытайлык боордош кыргыз элине чоң салымын кошкон. 2005-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери» деген наамга ээ болгон. 2009-жылы Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын «Ардак грамотасы» менен сыйланган. 2013-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн «Ыраазычылык баракчасына» татыган. 2016-жылы "Эл Аралык Этно-маданият фестивалына" активдүү катышкандыгы үчүн Диплом менен сыйланып, ошондой эле «Аймак» коомдук саясий гезити тарабынан «Жылдын мыктысы-2016» деп табылган. 2016-жылы "Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр" оюнунун ардактуу катышуучусу. 2018-жылы Казакстан Республикасынын Атырау шаарында өткөн "Курмангазынын 195-жылдыгына карата өткөн Эл аралык оркестрлердин фестивалынын "лауреаты" аталган. 2018-жылы Жалал-Абад шаардык мэриясынын "Ардак грамотасы" менен сыйланган. 2019-жылы Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунда өткөн "Эл аралык Улуу Жибек-Жолу" фольклордук-музыкалык фестивалынын лауреаты. Токтомурат Осмоналиев өзүнүн уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү, адамгерчиликтүү мыкты сапаттары, эмгекти сүйгөн, ишке жасаган мамилеси менен чыныгы элдик комузчу катары бааланып, облусубуздун аймагындагы чоң кадыр баркка ээ. 2019-жылы көп жылдык эмгеги мамлекет тарабынан бааланып, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти ардактуу наамына татыган. Азыркы учурда Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясында үзүрлүү эмгектенүүдө.

Үй-бүлөлүү, 3 уул, 1 кыздын атасы.

адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3