Осмонкулов Умар Аширович

Википедия дан

Осмонкулов Умар Аширович (1936-ж.т., Коргон-Төбө айылы) - саламаттык сактоо тармагынын көрүнүктүү ишмери, СССР саламаттык сактоо отличниги (1990).

Жалал-Абад медициналык окуу жайын бүткөн (1964). 1957-60-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1964-1995-жылга чейин Чаткал өрөөнүндө фельдшер болуп иштеген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин “Ардак грамотасы” (1987) менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6