Осмонкулов Ырыскелди Каниметович
Осмонкулов Ырыскелди Каниметович (1968-ж. т., Фрунзе ш.) - эстрада ырчысы.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (2004). "Даңк" орденинин ээси (2017).
- 1975- ж. республикалык адистештирилген М. Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатта окуган.
- 1992-ж. Кыргыз мамлекеттик М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын кылдуу аспаптар бөлүмүнөн виолончель классын,
- 2004-ж. Кыргыз улуттук консерваториясынын эстрада-вокалдык бөлүмүн бүтүргөн.
Музыкалык мектеп-интернатта окуп жүргөндө хордо, «Аракет» эстрадалык ансамблде,
- 1991- ж. «Инсан» тобунда ырдаган;
- 1996-жылдан кыргыз обончуларынын, композиторлорунун ж. б. ырларын жеке
аткарат.
- Обончу Н. Турсунбаевдин «Ай баратат», К Осмоновдун «Энекебай», М. Бегалиевдин «Ардагым», Б. Алишеровдун «Балама», «Ыр майрамы» ж. б. ырларды орус, англис
тилдеринде да ырдайт.
- 2001-ж. эл аралык «Ысык-Көл-2001» фестивалынын Гран-присинин ээси болгон, ошол
эле жылы «Айкөл Манас - жылдын мыкты адамы» деген наамды алган.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаштар сыйлыгынын лауреаты.
- 2002-ж. Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясы уюштурган жылдын мыкты ырчысы конкурсунун, «Ялта-2003» эл аралык конкурстун биринчи сыйлыгынын ээси.
- 2001-ж. Австриянын Сони Ди Си компаниясынан 1000 нускада «Ай баратат» альбому, * 2004-ж. «Ай баратат» аттуу ырлар жыйнагы жарык көргөн.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.