Осмонов Курманбек Эргешович

Википедия дан

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Осмонов Курманбек Эргешович Кыргыз Республикасынын депутаты.
«Ата-Журт» фракциясынын депутаты.
Осмонов Курманбек Эргешович 1953-жылдын 1-мартында Ош областынын Кара-Кулжа айылында туулган.

Эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмгек жолун 1970-жылы Совет райондук элге билим берүү бөлүмүнүн статис-иш жүргүзүүчү болуу менен баштаган, андан кийин Кара-Кулжа жумушчу жаштар мектебине улук пионер вожатый, орус тили жана адабияты мугалими кызматына өткөн.
1971-жылы аскердик кызматка чакырылган. 1973-жылы запаска бошотулуп, кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетине “укук таануу” адистиги боюнча тапшырган.
ЖОЖду аятагандан кийин Ош областында облобкомдо улук юрист болуп иштеген.
1981-1983-жылдары областтагы мамлекеттик арбитражда башкы арбитр, кийинки төрт жылда Кыргызстан Компартиясынын Ош обкомунун административдик органдары бөлүмүндө инструктор.
1987-1991-жылдары Ош шаардык сотунун төрагасы, Кыргызстан Компариясынын ПКСнын мамлекеттик органдар жана мыйзам чыгаруу демилгелери байланыштары боюнча топтун жетекчиси.
1991-1994-жылдары Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин сот органдары башкармасынын начальниги.
1992-1994 –жылдары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин орун басары, биринчи орун басары.
2002-жылы Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри болуп дайындалган. 2003-жылы айкалыштырып иштөөгө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан бекитилген.
2004-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы болуп дайындалган.
Ушул посто төрт жыл иштеген.
2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси – Тышкы иштер министринин кеңешчиси.
2010-жылдын октябрынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышына “Ата-Журт” идеалисттик демократиялык саясий партиясынан тизме боюнча депутат болгон.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген юристи жогорку квалификациялык класстагы судья, юстициянын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекет кеңешчиси, Коопсуздук коргоо жана укук тартиби проблемалары боюнча Россия Академиясынын академиги.
Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы, “Даңк” медалы, Россиянын биринчи баскычтагы улуу Петр ордени менен сыйланган.
2006-жылы коомчулук укуктук проблемалар жана сот системасынын абалы боюнча кызуу талкуулап жаткан мезгилде “Кыргыз Республикасынын сот реформасынын маселелери жана өнүктүрүү жолдору” деген китебин тапшырган.

Шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]

http://www.kenesh.kg/Articles/488-OSMONOV_Kurmanbek_Ergeshovich__AtaZHurt_deputattyk_frakciyasy.aspx Archived 2014-08-27 at the Wayback Machine Cotegory: Персоналия