Осмонов Талгат Абдулаевич
Көрүнүш
Осмонов Талгат Абдулаевич (11. 8. 1950-ж. туулган, Фрунзе) – медицина илимдеринин доктору (2000), профессор КММИни бүтүргөн (1973). РКОдо кан тамыр хирургиясы бөлүмүндө врач-ординатор, ассистент болуп иштеген (1973–97). 1997-жылдан КММАнын жалпы хирургия жана анестезиология кафедрасынын доценти. Жүрөк кан тамыр хирургиясы жана рентген-эндоваскулалык хирургия боюнча адис. 120дай илимий эмгеги, анын ичинде 2 монография, бир нече ойлоп табуулары бар. Эмгектери: Диагностика, восстановительная и реконструктивная хирургия магистральных вен нижних конечностей (в соавторстве). Б., 2000.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7