Осмончулук

Википедия дан

Осмончулук, османизм, оттоманизм – Түркиядагы «Жаңы осмондордун» жана жаш түрктөрдүн идеялык саясий доктринасы. 19-кылымдын аягында жаш түрктөр тарабынан түзүлгөн. Осмончулуктун жаралышына Ж.-Ж. Руссо, Ш. Монтескьёнун идеялары, француз революциялары, улуттар жөнүндөгү мыйзам (1869) ж. б. таасир берген. Осмончулуктун алгачкы мааниси боюнча Осмон империясынын бардык элдери улут жана дин жагынан бирдей укуктуу деп белгиленген. Бирок кийин 1908-ж. бийликке жаш түрктөр келгенде Осмончулук империясынын түрк эмес элдеринин улуттук талаптарына каршы күрөшүүчү куралга айланып, аларды түрктөштүрүп «бирдиктүү осмон улутундагы» элди түзүүнү көздөшкөн. Бирок улуттук көтөрүлүш жана 1-Балкан согушунан (1912–13) кийин Осмончулукту жактоочулар пантүркизм жана панисламизм концепсиясына өтүп кетишкен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]