Осмос

Википедия дан

Осмос (гр. ōsmōs – түрткү, басым) – эритинди менен таза эриткичти же түрдүү концентрациядагы аралашмаларды бөлүп турган жарым өткөргүч мембранадан эриткич заттын өтүшү. Жарым өткөргүч мембрана – эриткичтин кичине молекулаларын өткөрүп, эритиндинин чоң молекулаларын өткөрбөөчү тосмо. Ошондуктан, осмос дайыма таза эриткичтен эритиндиге өтөт. Суюктуктун чектелген көлөмүнүн ичине багытталган осмос – эндосмос, сыртка багытталганы – экзосмос деп аталат. Мембрана аркылуу эриткичтин өтүшү осмос басымы менен шартталган. Ал сырткы кошумча басымга барабар. Кошумча басым – осмосту токтотууга керек эритме тарабынан берилүүчү басым. Осмос кубулушун биринчи жолу 1748-ж. франциялык физик Ж. А. Нолле байкаган. Осмос физиологиялык процесстерде, лаборатория техникада чоң мааниге ээ; полимерлердин молекулярдык мүнөздөмөлөрүн, аралашмалардын концентрациясын, ошондой эле биол. структураны изилдөөдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]