Оссуарий

Википедия дан

Оссуарий (лат. оssis – сөөк) – карападан, таштан ж. б. жасалган атайын идиш. Байыркы Орто Азияда жашаган зороастризм дининдеги уруулар өлүктөрдүн сөөктөрүн салып, көмүш үчүн пайдаланышкан. Оссуарий статуя, сандык ж. б. формада болуп, кээде алардын сыртына сүрөт, жазуу түшүрүлгөн. Орто Азияда мындай үрп-адат 6– 8-кылымда кеңири тараган. Кыргызстанда оссуарийге салып коюлган өлүктөр Ак-Бешим, Сокулук ж. б. шаар калдыктарынын катмарларынан табылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]