Осташев, Аркадий Сергеевич

Википедия дан

Осташев, Аркадий Сергеевич (1929-ж. төрөлгөн, Москва облусу) – график. Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү. Саратов көркөм сүрөт окуу жайын (1949), Ленинграддагы И. Репин атындагы скульптура, живопись жана архитектура институтун (1955) бүтүргөн. 1955-ж. Кыргызстанга келген. 1949-жылдан республикалык, бүткүл союздук жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. 1956-жылдан СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. 1955–64-ж. “Мектеп” басмасынын көркөм редактору, 1964–68-ж., 1972–79-ж. мамлекеттик полиграфия басмасынын башкы сүрөтчүсү болуп эмгектенген. О. чыгармачылыгын кыргыз элинин тарыхын жана маданиятын терең изилдөөдөн баштаган. О-дин жергебиздеги алгачкы эмгектеринин бири “Токтогул сүргүндө” (1957) аттуу түстүү линогравюралар сериясы. Кийин Ч. Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестинин мотивинде “20-жылдар” (1963) триптихин жараткан. Китеп сүрөтчүсү катары О. китеп продукциясын иллюстрациялоо, макеттөө, көркөм жасалгалоодо эмгектенген. М. Абдукаримовдун “Жашагым келет” (1960), Н. Платонованын “Бул китеп акын тууралуу” (1965), Т. Сатылгановдун “Ырчыны ук, жаштар” (1965), К. Бектеновдун “Куйручук” (1968), Н. Некрасовдун “Тандалмалар” (1971), Р. Бернстин “Менин жүрөгүм тоолордо” (1979), А. С. Пушкиндин “Тандалмалар” (1980) аттуу китептерди иллюстрациялаган. “Эмгектеги артыкчылык”, “Эмгектеги каармандыгы үчүн” жана СССР эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөлөрүнүн күмүш, коло медалдары, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]