Остракизм

Википедия дан

Остракизм (гр. оstrakismos, ostrakon – карапа сыныгы) – б. з. ч. 6–5-кылымда Грекиянын Афины, Аргос, Сиракузы ж. б. шаарында мамлекет жана эл үчүн коркунучтуу деп эсептелген жарандардын карапа сыныгына жазылышы. Мындай адамдар менчигинен жана жарандык укуктарынан ажырап, элдик чогулуштун чечими боюнча 10 күндүн ичинде 10 жылга аймактан куулган. Б. з. ч. 508-ж. Клисфен тарабынан киргизилип, б. з. ч. 417-ж. жоюлган. Афиныда жүргүзүлгөн археологиялык казууларда табылган карапа сыныктарында Аристид, Фемистокл, Дамон (Периклдин мугалими) ж. б-дын чегилген ысымдары кездешкен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]