Острий Ирина Александровна
Острий Ирина Александровна (7. 7. 1950-ж. туулган, Украина, Киев) – спортчу (шахмат), СССР спортунун чебери (1979). Киев политехника интун бүтүргөн. Информациялык-ченөөчү техника боюнча инженер. Бишкек шаарында 1979-жылдан тартып жашайт. 1982-жылдан Эл аралык шахмат боюнча федерациянын чебери. КРдин шахмат боюнча 10 жолку чемпиону. Эл аралык көп мелдештердин катышуучусу жана республикалык тандалма команданын мүчөсү. Шахмат боюнча олимпиялык оюндардын үч жолку катышуучусу.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7