Осубекова Гулзат Темировна
Осубекова Гулзат Темировна (1974) — филолог-окутуучу. Филология илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин кыргыз жана орус тилдер кафедрасынын башчысы.
Кыскача өмүр таржымакалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Осубекова Гулзат 1974-жылы Нарын областынын Кочкор районундагы Кум-Дөбө айылында туулган. Улуту – кыргыз.
- 1991-жылы Кочкор районундагы Кум-Дөбө орто мектебин аяктаган.
- 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тили жана адабияты орус мектептеринде бөлүмүн бүтүргөн.
- 1998-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинин аспирантура жана магистратура бөлүмүн аяктаган.
- 1998-2001жж. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык академиясынын кыргыз жана орус тилдер кафедрасынын улуу лаборанты болуп иштеген.
- 2001-2004-жж. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин кыргыз жана орус тилдер кафедрасынын окутуучусу, ал эми
- 2004-2012-жж. аталган кафедранын улуу окутуучусу болуп эмгектенген.
- 2012-жылдан баштап кыргыз жана орус тилдер кафедрасынын башчысы болуп эмгектенет.
- 1911-жылы филология илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган. Темасы: “Ашым Жакыпбековдун чыгармачылык изденүүлөрү”.
Үй-бүлөсү тууралуу маалымат
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Үй-бүлөлүү, бир уулдун энеси. Өзү сегиз бир тууган. Жубайы - Жакыпов Таалайбек - жеке ишкер. Уулу -Таалайбеков Сыймык - окуучу.
Илимий ишмердиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жазуучу Ашым Жакыпбековго таандык поэтикалык стилдин, турмуш чындыгын көркөм чагылдыруудагы өзгөчөлүктөрүн аныктоо, бул үчүн анын жазуучу катары калыптануу учуруна өзгөчө көңүл бөлүү; чыгармаларындагы кыргыздык дүйнө тааным менен философиялуу ой жүгүртүүлөрдү улуттук колориттеги көркөм образдар аркылуу ачып берүү өзгөчөлүгүн, жазуучунун адабий-эстетикалык табити, повесть-аңгемелеринин идеялык - көркөмдүк деңгээли, жазуучунун поэтикасы : сюжеттик-композициялык жактан уюштуруу, мүнөз түзүү өзгөчөлүгү, көркөм психологизм маселеси, жазуучунун чыгармачылыгында фольклордук эстетиканын катышын, белгилеп көрсөтүү; Ашым Жакыпбековдун котормо өнөрүндөгү ийгиликтерин көрсөтүү; жазуучунун эпос өзөктүү роман жаратуу эксперименттерине ар тараптуу адабий анализ жасоо жана бул маселе-көрүнүштөрдүн бардыгын жазуучунун өмүр жолу, улуттук адабияттын өнүгүш тенденциялары менен кошо – эриш-аркакта, синтезде кароо.
Негизги илимий–методикалык эмгектери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Ашым Жакыпбековдун чыгармачылык изденүүлөрү”. Монография.-Б.: Бийиктик, 2014.-143-б.
- Профессор Батаканова С.Т., окутуучу Асанова З.С. менен биргеликте жазган-Кыргыз тилинин практикалык курсу боюнча методикалык окуу куралы“.-Б.: Кут Бер, 2017.-92б.
Сыйлыктары.
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 2012- ж. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын “Ардак Грамотасы”
- 2013-ж. К.И.Скрябин атындагы КУАУнун “Ардак грамотасы”