Отко киргизүү

Википедия дан

Отко киргизүү — бетин көрсөтпөй качып жүргөн жаңы келинди көбүнчө кайын агалары, кээде кайын атасы, ошондой эле жезделери атайын чыкырып сыйлоо салты. Чакырылган келин күйөөсү, кайын атасы, кайын энеси, жеңелери болуп сепке келген буюмдардан ырымдап белек алып барышат. Сый-тамак ичилгенден соң, отко киргизген адам келинге мал же буюм ырымдап берген. Ошондон кийин келин отко киргизген кишиден ісачпай калган, анын үйүнө эркин кирүүгө акылуу болгон. Бул салттын байыркы отко сыйынуу (зороастризм) салтынан келип чыгышы ыктымал. Бирок ал кийинчерээк кыргыздарда патриархалдык-туугандык мамилелердин жана жөрөлгөлөрдүн бирине айланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]