Отоо чөп

Википедия дан

Отоо чөп – дыйканчылыкка зыяндуу чөп өсүмдүктөр. Алар эгилме өсүмдүккө, ошондой эле малга түрдүүчө зыян келтирет: топурактагы жана өсүмдүктөгү азык заттарды сорот, айрымдары топуракка уу зат бөлүп (тамыры аркылуу) чыгарат, чырмоок эгинди ороп жапырайтып, түшүмдү азайтат, мите отоо чөп (сары чырмоок ж. б.) өсүмдүккө жабышып, андагы азык заттарды сорот, уулуу отоо чөп (чытыр, көк базин ж. б.) малды ууктурат, жайыт, айдоодогу отоо чөп тоют чөбүнүн сиңимдүүлүгүн төмөндөтүп, сүт, эт, жүндүн сапатын начарлатат. Отоо чөп өскөн жерлерде зыянкеч кемирүүчүлөр (чычкандар), илдет таратуучулар (кызылча канталасы, картөшкө нематоду) топтолот. КМШ өлкөлөрүндө отоо чөптүн 1500дөй түрү (анын ичинде Кыргызстанда 500дөн ашуун түрү) өсөт. Отоо чөп уругу, мөмөсү жана урук түйүлдүгү аркылуу көбөйөт, таралат жана кайрадан өсүп чыгып, бир гана жолу уруктанат да куурап калат. Буларга бир жана эки жылдык отоо чөп кирет. Бир жылдык отоо чөп 4 майда топко бөлүнөт: эрте жаздык отоо чөп (кара сулу, алабата ж. б.), жаздык отоо чөп (чирче, кыл баш ж. б.), күздүк отоо чөп (бир жылдык жалын баш), кыштык отоо чөп (койчу баштык, кызылдак ж. б.). Эки жылдык отоо чөптүн биринчи жылы уругунан вегетация органдары, экинчи жылы урук байлоочу сабагы өсүп чыгат. Мите отоо чөп өсүмдүктүн сабагы (сары чырмоок), тамырына (шумгуя) жабышып ширесин сорот. Ошондой эле түймөк тамырлуу (чымылдык, кара баш), пияз түптүү (ала гүл, саргалдак) жана тамыр чырпыктуу (өзгөрмө заргын, ала гүл) отоо чөпкө бөлүнөт. Көп жылдык отоо чөптүн тамыры көпкө сакталып, сабагы 1–2 жыл өсөт да урук байлагандан кийин куурайт. Отоо чөп өзөк тамырлуу (ат кулак, эрмен), дүңгөлүү (өлөң чөп, дан өсүмдүк уруусунун айрым өкүлдөрү), чырмалма тамырлуу (сүт тикен, чырмоок, төө тикен), сабак тамырлуу (кызыл мыя, кырк муун) болуп айырмаланат. Өскөн жерлерине жараша сегеталдык (айдоодо өсүүчү), табигый чабынды жана жайыттарда өсүүчү, рудералдык (таштандыларга, аңызга өсүүчү) отоо чөпкө бөлүнөт. Отоо чөпкө каршы күрөшүү чаралары: агротехникалык ыкмаларды эгилме өсүмдүктөрдүн өзгөчөлүгүнө жараша туура колдонуу, өсүмдүктү туура которуштуруп эгүү, отоо чөптү химиялык жол менен жок кылуу, карантин чектөө ж.б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]