Отор баатыр
Көрүнүш
Отор баатыр, Козучак уулу Отор – (1889–1975, Жумгал району, Кызарт айылы), балбан, белгилүү найзакер. Бойлуу, далылуу зор адам болгон. 12 жаш курагында Соң-Көлдөгү тулпар ташты эки колдоп ээрдин кашына чейин 12 жолу көтөрүп койгон экен. 6 жашынан эр сайышка түшкөн. Жумгал, Кочкор өрөөнүнөн чыккан Сабыр, Аксакал, Торсо сыяктуу белгилүү найзакерлер менен көп ирет беттешип келген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7