Отунчу Сарбагышев

Википедия дан

Сарбагышев Отунчу (1909, Жумгал району, Чаек айылы — 8.3.1944, Бишкек ш.) — кыргыздын тунгуч режиссёру жана актёру. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1939).
Театр ишмердиги 1928-жылдан башталган. 1928—36-ж. Кыргыз мамлекеттик театрында актёр.
1936-жылы Жаш көрүүчүлөр театрын негиздеген жана директору.
1938—41-ж. Жаш көрүүчүлөр театрында режиссёр жана актёр, 1941—44- ж. Кыргыз мамлекеттик драма театрында режиссёр, башкы режиссер болуп иштеген.
Аткарган ролдору: Корбашы (Ж. Бөкөнбаев, "Алтын кыз"), Командор (Лопе де Вега, "Токойлуу булак"), Таз (О. Сарбагышев, "Көкүл"). Н.В. Гоголдун "Үйлөнүү", Р. Шүкүрбековдун "Сапар", М. Токобаевдин "Кайгылуу Какей", К. Эшманбетовдун "Саринжи", К. Жантөшевдин "Кичине баатыр", "Курманбек" драмаларын жана Ж. Мольердин "Акмак болгон күйөө" комедиясын койгон.
Сарбагышевдин режиссёрдук дараметин тааныткан К. Жантөшевдин "Курманбек" драмасы боюнча койгон спектакль (1944)) болгон. Ал "Көкүл", "Улуу мерген" драмаларынын жана "Чолпон" балетинин либреттосунун (Л. Крамеревский менен бирге) автору.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.
  • Жаныш Кулмамбетов Кыргыз театрынын тарыхы: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу куралы/ – Бишкек: "Калем" басма үйү, 2019. – 508 бет, илл. - ISBN 978-9967-9232-5-6.