Офицеров Виктор Семёнович

Википедия дан

Офицеров Виктор Семёнович (11. 11. 1911, Пенза шаары – өнөр жай б.) – совет актёру, Кыргыз ССРинин эл артисти (1970). Хабаровск театр-агартуу окуу жайында окуган (1934). Хабаровск (1928–32), Владивосток (1932–34), Уфа (1935–37), Старый Оскол (1937–38) шаарынын драма театрларында, 1938-жылдан Фрунзе шаарындагы Орус драма театрында иштеген. Офицеров – кеңири диапазондуу артист болгон. Негизги ролдору: Дзержинский, Никанор, (Н. Погодин, «Кремль куранттары, «Мылтыкчан киши»), Бессемёнов, Клещ (М. Горький, «Мещандар», «Түпкүрдө»), Король Клавдий (У. Шекспир, «Ричард III»), Скалозуб (А. Грибоедов, «Акылдан азап»), Нияз (Т. Абдумомунов, «Абийир кечирбейт»), Бөкөй (К. Эшмамбетов, «Саринжи») ж. б. «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйлаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]