Офорт

Википедия дан

Офорт (французча  eau-forte; сөзмө-сөз – күчтүү арак) – ийне же штрих офорту; металлдагы тереңдетилген оюп чекменин кеңири колдонулган техникалык бир түрү. О-то иштөө чекмелик боёк кыртышынын үстүнөн атайын ийнелер менен кырып жазуу аркылуу жүргүзүлөт. Адатта ал штрихтүү сүрөттүн эркин техникасында колдонулат; сүрөттөлүүчү нерсенин деталдарын бирдей эмес убакытта кислота менен ойдуруудан штрихтин көркөмдүүлүгү менен таасындыгындагы айырмачылыктарга жетишилет; жалпы натыйжаны ретруссажды (затяжка) көп жана ар түрдүүчө колдонуу менен күчөтүлөт. О. техникасы өзүнүн салыштырмалуу жөнөкөйлүгү жана ийкемдүүлүгү менен айырмаланат. XV–XVI к. чегинде пайда болгон бул техника XVII кылымда кеңири тараган жана ага ири живописчилер (Ван Дейк, Рембрандт) кызыгуу менен мамиле кылышкан. Оюу ыкмасы менен аткарылган (ийне офорту, жумшак лак, акватинта, резерваж, лавис жана башкалар) металлдагы тереңдетилген оюп чекменин түрлөрүнүн жыйындысы да О. деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]