Оффшор

Википедия дан

Оффшор (англ. off shore – жээктен сырткары) — дүйнөлүк каржы борборлору, ошондой эле банк аткарымдарынын кээбир түрлөрү үчүн колдонула турган аталгы. Кредиттик жана башка мекемелер белгилүү бир мамлекет үчүн чет өлкө валютасында резидент эмес жактар (чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар) менен аргандай аткарымдарды жүргүзүүчү борборлор О. аталат. Ошону менен бирге, мындай борборлордо каттоодон өткөн мекемелер (компаниялар) үчүн салыктан толук бошотконго чейинки өзгөчө жеңилдиктер берилет. Салыксыз тилкеде – «салык башкалкасында» иштеген эларалык бизнес компаниялары да О. аталат. «О» аталгысы адегенде 1950-жылы АКШда пайда болгон.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7