Ошанин Лев Иванович

Википедия дан

Ошанин Лев Иванович (17(30). 5. 1912, Ярослав губерниясы, Рыбинск шаары– 30. 12. 1996, Москва) – орус совет акыны, 1976-жылдан СССР Жазуучулар cоюзунун мүчөсү, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1950). Ошанин – «Түрдүү элдердин балдары» (1950), «Сүйүү жөнүндө ырлар» (1957), «Дайым күн болсун» (1963), «Бурганакта бараттым» (1970), «Аралда жашоочулар» (1972), «Ыраактан-узак» (1972), «Эх, жолдор» (2008) ж. б. патриоттук, лирикалык ыр жыйнактардын автору. Ырлары кыргыз тилине которулган («Дайым күн болсун», которгон С. Жусуев; «Тынчсызданган жаштык», Э. Карымшаков; «Чүй суусу жөнүндө», И. Исаков; «Кымбаттуу курдаштар», «Жүрөктөштөр» К. Ырсалиев). Сталиндик сыйлыгынын лауреаты (1950).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]