Ош облустук филармониясы
Көрүнүш
Р. Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясы — 1987-ж. ачылган.
- Бет ачар концерти 1988-жылдын 18-майында өткөн. Алгач филармониянын коллективи «Абат жергем» фольклордук, «Байге» эстрадалык топтордон, «Бекарстан» Эл аспаптар оркестринен турган.
- 1995-ж. таланттуу обончу-ырчы Рыспай Абдыкадыровдун ысымы ыйгарылган.
- 1997-ж. Кыргыз Өкмөтүнүн буйругу менен филармонияга «Космос» кинотеатрынын
имараты берилген.
- Туңгуч директору Кыргыз Республиканын эмгек сиңирген артисти Д. Эшпаев болгон.
- 1992-2000-жылдардын аралыгында А. Садыков, А. Байтероев, Р. Сатыбалдиев, Б.
Тургунбаев, 2000-жылдан Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Г. Садыбакасова жетектейт. Филармонияда залкар комузчу, Кыргыз Peспубликасынын эл артисти Б. Мадазимов,
- акындар: Т. Жунусов, Б. Султанов, обончулар: Ж. Мамажанов, А. Качыров, И. Жунусов, А. Темиров,
- куудулдар: Ж. Алыкулов, М. Бердибеков, Ж. Кайчиев, А. Иманкулов иштешкен.
Бүгүнкү күндө 110 адам эмгектенет. «Нуска» фольклордук, «Кызбурак» эстрадалык ансамбли, «Аземи» бий тобу, «Аралаш-2» куудул-аскиячылар, ырчы-аткаруучулар топтору, Б. Мадазимов атындагы эл аспаптар оркестри иштейт.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. ISBN 9967-14-016-X.
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7