Ош тургун жайы

Википедия дан

Ош тургун жайы – коло дооруна (б. з. ч. 2миң жылдыктын аягы – б. з. ч. 8-к.) таандык археологиялык эстелик. Ак-Буура суусунун сол тарабында Сулайман тоосунун этегинен орун алган. Таш жана коло доорлоруна тиешелүү куралдардын калдыктары, аска бетине түшүрүлгөн сүрөттөр жана көрүстөндөр изилденген. 1947-ж. оюу түшүрүлгөн чопо идиштин калдыгы табылып, эзелки адамдардын турагы бар экендиги белгиленген. Ушул эле жылы окумуштуулар Ю. А. Заднепровский, Е. В. Дружининалар Узундугу 200 мден кем эмес турак жай орун алгандыгын белгилешкен. Тоонун этегинен төмөн карай кеткен тектирчелерде турак жайлар жайгашкан. Чарбалык буюмдары коюла турган оюкчалардан коло шибеге, жаргылчак, таш ороктун сыныгы табылган. 1979-ж. Лениград (Санкт-Петербург) археол. институтунун Фергана экспедициясы жергиликтүү Край таануу музейи менен бирдикте 500 м аянтты ээлеген 2 тектирчеде 2 жарым үй, 40 тан ашуун чарбалык аңдарды изилдешкен. Мындай жарым үй буга чейин Дальверзинде жана Чустта гана белгилүү болгон. Ошондой эле боёк менен кооздолгон идиштер, чопо идиштердин 5000ден ашуун сыныктары, акак таштан жасалган шурулар, 140 таш куралдары жана тешиктери бар чүкөлөр кездешкен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]