Оюн-зоок ырлары
Көрүнүш
Оюн-зоок ырлары — көңүл ачуу кечелеринде жана ар түрдүү оюндардын учурунда ырдала турган элдик ырлар.
Негизинен балдар жана жаштар Оюн-зоок ырлары деп эки топко бөлүнөт.
Балдардын Оюн-зоок ырларына:
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Ак терек, көк терек»,
- «Эл чабар»,
- «Токту сурамай»,
- «Чикилдектин зуулдоосу» ж. б. ырлар кирет.
Бул ырлар балдар оюнунун иреттүү өтүшүнө, алардын көңүл ачышына негизделген. Жаштардын Оюн-зоок ырларына «Селкинчек ыры» мисал. Ал ырдын эл арасында бир нече варианты бар. Алардын баарында тең жаштарды көңүл ачууга үндөгөн ой- кыял, сырдаштык мамиле туюнтулат. Революциядан кийин социалдык турмуштун жаңыча түр, мазмун алышына байланыштуу Оюн-зоок ырлары музыкалык фольклордун үлгүсү катары опералык чыгармаларда да пайдаланыла баштады.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.