Оюн ырлары

Википедия дан

Оюн ырлары – жаштар же балдар тарабынан ойнолуп жаткан оюндун темпи, ритми коллективдүү түрдө аткарылуучу ырлар.

“Ак терек, көк терек”, “Хан-вазир”, “Кур таштамай”, “Түлкү менен каздар” сыяктуу оюндар ыр м-н кошо аткарылат. Мисалы, “Селкинчек” ыры жаштардын оюн-зоок кечелеринде тебилген селкинчектин күүсү менен кошо ырдалган.
Кыл аркандуу селкинчек,
Кыздар тебет эркинчек,
Келиндердин селкинчек
Кере тебет эркинчек
Жаш балдардын селкинчек
Жандап тебет эркинчек.
Андай теппей мындай деп.
Селкинчегим селкилдейт.
Беш көкүл чачым желпилдейт.
Короодогу селкинчек,
Козголуп тептик эркинчек,
Айылга куруп селкинчек,
Ашыра курдук эркинчек,
Белеске куруп селкинчек,
Бекем тептик эркинчек
Андай теппей, мындай теп!

(Элдик ыр)


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]