О’Генри

Википедия дан

О’Генри (өз аты Уильям Сидни Портер; 11. 9. 1862, Түндүк Каролина, Гринсборо – 5. 6. 1910, Нью-Йорк) – америкалык жазуучу. 1894-жылдан журналисттик ишке өткөн. Түрмөдө жазган аңгемелери «О’Г» деген жашырын ат менен жарыяланган. «Төрт миллион» (1906), «Жалындаган шам чырак» (1907), «Батыш жүрөгү» (1907) деген аңгеме жыйнактары ж. б. чыгармалары менен белгилүү. «Карапайым америкалыкты» чын ыклас менен сүрөттөгөн юморлуу новеллалары америкалык турмуштун мозаикалык эпопеясын түзөт, чыгармалары кызыктуу сюжети, парадокстуу чечилиши менен айырмаланат. «Королдор жана капуста» (1904) деген сатиралык икаясы бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]