ПИАК

Википедия дан

"Туруктуу Эл аралык Алтаистика Жыйыны" деп аталган чыогыш таануучу окумуштуулардын жылдык шеринесинин шартуу кыскартылышы.

Бул сөз англисче Permanent International Altaistic Conference (PIAC) аталышынан алынган.

ПИАКты негиздөөчүлөрдүн жана анын жылдык отурумдарын ырааттуу уюштуруучулардын көрүнүктүүсү - теги мажар чыгыш таануучу, профессор Денис Сайнор болгон.

Соңку жылдары ПИАКтын жылдык отурумдарын немис окумуштуусу, профессор Барбара Келлнер-Хайнкеле жетектеп келет.

ПИАКтын ар кыл жыйындарына Кыргызстандан профессорлор Бүбүйна Орузбаева, Кадыралы Конкобаев, ж.б. чыгыш таануучулар, тарыхчылар, тилчилер, этнографтар, жазуучулар ж.б. катышып келет.


Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]