ПРОЦЕССТИ БАШКАРУУ
(Processing control - Управление процессом). Иштетүү системдеринин шар-тында процесс маселе деп да аталат жана програм же програмдын бөлүгү болуп, өз алдынча аткарылат. Процесстерди башкаруунун метод-дору айрым маселелүү, көп маселелүү режимдерди жана көп процессорлуу иштетүү-лөрдү камтыйт. Айрым маселелерди башкаруу. Айрым маселелерди башкарууда иштетүү системи колдонуучуга бир учурда бир гана програм менен иштөөгө мүм-күндүк берет. Айрым маселелерди башкаруучу иштетүү системдери биринчи иштелип чыгышкан бүгүнкү күндөрү айрым алынган жеке компьютерлерде колдонулууда. Бир маселени башкаруучу иштетүү системи менен иштегенде компьютердин эсине электрондук жадыбал сыяктуу бир гана колдонмо програмды жүктөөгө болот. Эгерде текстти даярдоо сыяктуу башка колдонмо менен иштөө талабы чыкса, анда электрондук жадыбалдан чыгып эске текстти даярдоо колдонмосу жүктөлүүгө тийиш. Көп маселелүү иштетүү системдери бир учурда компьютерде бирден көп процесс же маселе менен иштөөгө мүм-күндүк берет. Жеке компьютерлерде пайдаланылган көп маселелүү иштетүү системдери бир учурда көп програмдар менен иштөөгө мүмкүндүк берет. Сервер, мини жана универсал сыяктуу чоң компьютерлерде колдонулган көп маселелүү иштетүү системдери, убакытты бөлүштүрүү менен көп колдонуучуларды бир учурда өздөрүнүн програмдарын башкарууга мүмкүндүк берет. Мисалы, серверде убакытты бөлүштүргөн иштетүү системи дүйнөлүк тармакка жүздөгөн талаптарын (запросторду) бир учурда киргизүүгө мүмкүндүк берет. Көп маселелүү контекстти которуу, бирдиктүү көп маселелүү жана приоритеттүү көп маселелүү режимдер деп аталган үч жол менен аткарылат. Контекстти которуу режиминде көп процесстин ичинен бир гана процесс ачылат. Контексттик которгуч аткарылган учурда, бир процесс борбордук процессордун башкаруусунан бошотулат (аткаруу токтотулат) жана башка процесстер стартта турушат. Мисалы, эки ачылган терезе болсун дейли, бири тексттик документ, экинчиси электрондук жадыбал. Ушул колдонмолор менен алга артка которуу аткарылгандыктан, иштетүү системи бири менен иш аракетти токтотуп, экинчиси менен иштөөгө өтөт. Иштетүү системи учурда аткарылып жаткан процесс жөнүндөгү маалыматты сактап коет, себеби, кийин так ошол токтогон орундан процессти кайра иштетирет. Бирдиктүү көп маселелүү режимде көп сандагы процесс-тер киргизүүнү күткөн сыяктуу, процесстин логиктик аягына жетээр менен автоматтык түрдө өз алдынча алга жана артка которулуп турат. Эгерде бир колдонмонун процесси башкаларга караганда бор-бордук процессордун убак-тысын көп талап кылса, анда проблем келип чыгышы мүм-күн. Ошол себептен, програм-дар өзүнүн чөйрөсү менен бирдикте эффиктивдүү атка-рылгандай иштелип чыгыш керек. Көп маселелүү приоритеттүү режимде иштетүү системдери аткарыла турган процесстерди приоритеттерине жараша жайгаштырат жана ар бирин аткарууга борбордук процес-сордон тиешелүү убакыт бөлүштүрөт. Клавиш такта-сынан киргизүү же чычканды кыймылдатуу процесстерине маалыматтарды принтерге чы-гаруу сыяктуу процесстерге караганда жогорку приоритет берилет. БП аткарылышты күтүп турган процессти карап чыгып миллисекунддун ар бир үлүшүндө приоритети жогору болгон процессти тандап алат. Тандалган процессти аткартуу үчүн, иштетүү системи БП тарабынан бир же андан көп үлүшү бекитилет, ал убакыт интервалы деп аталат. Про-цессор белгиленген ишти ат-карууну аяктаганда же бел-гиленген убакыт интервалы бүткөндө, андан кийинки эң жогорку приоритеттүү про-цессти аткарат. Эгерде эки же андан көп процесс бирдей приоритетте болушса, анда БП мурдагы жолу аз иштеген процессти аткарат. Ошентип, ар бир процесс убакыттын тиешелүү интервалында ат-карылат. Айрым көп маселелүү иш-тетүү системдери көп агымдуу режимди колдойт, ал айрым алынган програм ичинде көп маселелүү режим болуп са-налат. Жип бул эң кичине сан-дагы програмдык код, ар бир жип ар кандай аракетти же буйрукту камтыйт. Көп агым-дуу режим ошол эле про-грамдын ичинде көп сандагы жиптерди бир учурда атка-рууга мүмкүндүк берет жана кийинки буйрукту кабыл алууга програмды бошотот. Алдыңкы буйруктун аягына чейин аткарылышынын күтпөй кийинки буйрукту киргизүүнү улай берсе болот. Көп процессорлуу компью-тер бирден көп процессорго ээ жана ал көп процессорлуу систем деп айтылат. Көп процессорлуу системдер маселени аткарууну тездетет, себеби, алардын борбордук процессорлору бир учурда бир нече процесс аткарууга жөн-дөмдүү. Көп процессорлуу иш-тетүү системдери асимметрия-лык же симметриялык көп процессорлуу иштетүүнү пайдаланып, борбордук про-цессорлордун аракеттерин координациялап турат. Асим-метриялык көп процессорлуу иштетүүдө колдонмо процесс-терди өзүнүн эси болгон про-цессорго алдын ала бекитип коет. Симметриялык көп про-цессорлуу иштетүүдө, кол-донмо процесстер ошол учурда жетүүгө мүмкүн болгон БП га бекитилет. Бул режимде болгон эс БП арасында бө-лүштүрүлөт. Көп процессорлуу систем-дин уникалдуу артыкчылыгы БПнын бири иштен чыгып калса иштетүү системи башка БП га өтүп кеткендигинде. Алдыда айтылгандай, айрым мультипроцессорлуу сис-темдер өзүнчө микросхемде иштелип чыккан бир нече борбордук процессорго ээ, ал эми башкаларынын өз алдынча көп сандагы борбордук про-цессорлору болот. өзүнчө БП луу системдердин бир ком-поненти иштен чыгып калган учурда деле, иштөөсүн уланта берет. Анткени иштен чыгып калуусу мүмкүн болгон БП, эс, киргизгич жана чыгаргыч контролерлер, диск киргиз-гичтер сыяктуу компьютердин компоненттери резерви менен аткарылат. Эгерде аталган компоненттердин бири иштен чыгып калса, систем резервин колдонуп иштөөнү уланта берет. Мындай ишенимдүү иштеген компьютерлер авиа белеттерди резервдөө жана байланыш-катыш систем-деринде, банк кассасында ж.б. өтө маанилүү системдерде пайдаланылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы. У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак.-2004. ISBN 9967-14-014-3