ПУЛ, МОДЕМДЕР ПУЛУ

Википедия дан

(Pool- Пул, модемный пул). Жетүү сервери. Телефон аркылуу Интернетке кошулган колдонуучу провайдердин жетүү серверине туш болот. Жетүү сервери бир нече модем менен камсыздалган болот. Ошол модемдер тобу модемдер пулу деп аталат. Ар модем менен бир Интернет колдонуучу иштей алат. Ошондуктан модем пулу канча көп модем камтыса, ошончо колдонуучу бир мезгилде Интернет менен иштей алат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]