Павел Беляев

Википедия дан

Беляев Павел Иванович (26. 6. 1925 -10. 1. 1970) - СССРдин учкуч-космонавты, полковник, Советтик Союздун Баатыры (1965).

1949-жылдан КПССтин мүчөсү. 1942-ж. орто мектепти бүтүрүп, заводдо иштеген. 1943-ж. өзү каалап аскер катарына кирген. 1945-ж. Ейск авиац. деңиз учкуч-истребителдер окуу жанын, 1959-ж. Аскер-аба академиясын (азыр Гагарин атындагы ) бүтүргөн. "Восход-2" космос кемесинин командири катары А. А. Леонов менен бирге космоско учкан. Ал башкарг ган кеме 1965-ж. 18-мартта орбитага чыгарылып 26 саатта Жерди 17 жолу айланып, 720 миң км аралыкты өткөн.

Ленин ордени, Кызыл Жылдыз ордени, медалдар менен сыйланган. Болгария Эл Республикасынын Социалисттик Эмгектин Баатыры, ВДР менен МЭРдин Баатыры деген наам алып, чет мамлекеттик көп орден жана медаль менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.