Павлиндер

Википедия дан
Pavo cristatus (эркек).

Павлиндер (лат. Pavo), тоостор – кыргоолдор тукумунун уруусу.

Павлиндердин 2 түрү бар. Кадимки Павлиндердин эркегинин дене узундугу 100–125 см, куйругу 40–45 см, эркегинин салмагы 4–4,5 кг. Көзчөлөр менен кооздолгон куйрук жапкычы 120–130 смге жетет. Башы, мойну, көкүрөгүнүн бир бөлүгү көк, жону жашыл, денесинин асты жагы кара түстө. Ургаачысы майдараак, анча кооз эмес, куйрук жапкычы болбойт. Индстан жарым аралында, Шри-Ланкада кездешет. Көк канат Павлиндер кооз, ачык түстө, ургаачысы эркегинен аз айырмаланат. Индикытайды, Суматра аралын мекендейт. Бадал арасында, токою кыйылган жерде, суу жээктеринде жашайт. Полигамдар: эркеги 3-5 ургаачы менен топтошуп жүрөт. Жынысташуу алдында куйрук жапкыч канатын желпүүр сымал жайып, тик көтөрөт. Жерге уялайт, 5-6 жумуртка тууп, ургаачысы 27-30 күн басат. Өсүмдүк жана майда жаныбарлар (курткумурска, моллюска, майда омурткалуулар) менен азыктанат. Кадимки Павлиндер кооз куш катары өстүрүлөт. ТКЭСтин кызыл китебине катталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]