Пай
Пай – жеке жана юридикалык жактардын, фирманын, компаниянын, коомдун жалпы капиталына кошкон үлүшү же акчалай взносу. Үлүш ээлеринин – пайчылардын ала турган кирешелери, дивиденддер жана фирма жоюлган учурда ала турган мүлктүн бөлүгү же акчанын көлөмү Пайдын өлчөмүнө жараша болот. Пай төгүмдөрү компаниянын, кооперативдин үлүштүк салым фондун түзөт. Пай үлүштүк салым күбөлүгүндө катталат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9