Пайда
Пайда – экономикалык категория; ишканалардын жана жеке ишкерлердин чарбалык ишинин финансылык жыйынтыгынын маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири. Ишкана продукциясын сатуудан түшкөн акча менен сатылган продукциянын толук өз наркынын ортосундагы айырмадан келип чыгат. Тактап айтканда продукция чыгарууга кеткен чыгымдарды жапкандан кийин калган акча каражаты.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9