Пайдага салык

Википедия дан

Пайдага салык - ишканалардын таза кирешесинин бөлүгүн бюджетке алуу жолу. Салык ишканалардын (компаниялардын, фирмалардын, уюмдардын ж.б.) сатуудан дүңүнөн түшкөн акчаларына тең пайдалардан кармалат.

Мында өндүрүштүк жана коммерциялык (айлык, банк кредити боюнча пайыздарды, жарнамага жумшалган чыгымдарды) чыгымдар чыгарылып таштагандан кийин эсептелинет, о. э. тиешелүү мыйзамга ылайык чыгымдар анча-мынча же толугу менен салыктан бошотулат.

Булар илим изилдөө, техникалык жетишкендиктерди киргизүүгө жумшалган чыгымдар, кайрымдуулук фондусуна кошкон төлөмдөр сыяктуулар болушу ыктымал. Юридикалык тараптын тапкан пайдаларына салынуучу салыктын ставкалары бирдей болуп белгиленет да, ал эми акциялардан, облигациялардан ж.б. баалуу кагаздардан, ортомчулуктан түшкөн кирешелерге коюлган салык ставкалары бир кыйла жогору болот. Анткени аны алуучулар, адатта, материалдык чыгымдарга кабылбайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9