Пайыздык своп

Википедия дан

Пайыздык своп (англ. interest rate swap, IRS) — ал белгилүү бир датада бир тарап экинчи тарапка белгилүү суммада бекитилген пайызды төлөп берет жана экинчи тараптан өзгөрүлмө чен боюнча (мисалы, LIBOR) пайыздын суммасында төлөм ала тургандыгы жөнүндөгү эки тараптын ортосундагы макулдашуу формасындагы туундуу финансылык аспап.[1]

Келечектеги пайыздык чен жөнүндө макулдашуу (англ. Forward Rate Agreement) — стандартташтырылган пайыздык своп.[2]

Пайыздык свопторду, бекитилген чендерди өзгөрүлмөлөргө жана тескерисинче өз ара которуу үчүн активдер жана пассивдер менен операцияларды камсыздандырууда пайдаланышат. Пайыздык своп боюнча позиция келишимдин тараптары үчүн, пайыздык жана насыялык тобокелдиктерди камтыйт.[3]

Колдонуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Пайыздык своптор ар кандай инвестициялык стратегияларда колдонулат. Алар хеджирлөө жана финансылык спекуляция үчүн белгилүү аспап болуп саналат.

Хеджирлөө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Свопторду макулдашуу боюнча пайыздык чендерди бекитүү, пайыздык чендердин түшүүсүнөн камсыздандырууга мүмкүндүк берет. Башка жагынан алганда, пайыздык чендерди төмөндөткөндө контрагент утушта болот.[4]

Спекуляциялар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Пайыздык своп боюнча позицияга кирүүнүн төмөнкү босогосунан улам, алар пайыздык чендердин кыймылынан спекуляция кылуучу трейдерлер арасында белгилүү.[5]

Ошентип, баанын төмөндөшү күтүлүп жаткан негизги актив боюнча толук кандуу кыска позицияны ачуунун ордуна, трейдер ошол эле мезгилге пайыздык ченди белгилеген своп келишимин түзүү жетиштүү болот.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Interest Rate Swaps. global.pimco.com. Текшерилген күнү 30 -декабрь (бештин айы) 2021.
  2. Hedge accounting: What are the benefits of a dynamic risk management strategy?. bloomberg.com. Текшерилген күнү 30 -декабрь (бештин айы) 2021.
  3. Swap Trading. comparebrokers.co. Текшерилген күнү 30 -декабрь (бештин айы) 2021.
  4. Interest Rate Swap. investopedia.com. Текшерилген күнү 30 -декабрь (бештин айы) 2021.
  5. An In-Depth Look at the Swap Market. investopedia.com. Текшерилген күнү 30 -декабрь (бештин айы) 2021.