Палестинаны боштондукка чыгаруу уюму

Википедия дан

Палестинаны боштондукка чыгаруу уюму (ПБЧУ) арабча – Муназза́ма ат-Тахри́р аль-Филастини́йя – Палестинадагы араб элинин мыйзамдуу укуктарын камсыз кылуу үчүн күрөшкөн палестиналык каршылык көрсөтүү кыймылына (ПККК) катышкан уюмдарды бириктирет. 1964-ж. түзүлгөн. Араб мамлекеттеринин башчыларынын Алжирдеги (1973, ноябрь), Рабаттагы (1974, октябрь) кенешмелеринде жана мусулман өлкөлөрүнүн Лахордогу (1974, март) конференциясында ПБЧУ Палестина араб элинин бирден бир өкүлү деп таанылган. Бардык араб өлкөлөрүндө расмий өкүлү бар, ал Араб мамлекеттери лигасынын ишине катышып турат. Европадагы жана Азиядагы бир катар өлкөлөрдө ПБЧУнун бюросу бар. ПКККнын Куралдуу күчтөрү Ливан, Сирия ж. б. айрым араб мамлекеттеринде топтолгон. БПЧУнун жогорку органы – Палестина улуттук кеңеши (ПУК), бул кеңеш жылына бир жолу чакырылат. ПУКтун сессияларында ПБЧУ аткому шайланат. Атком ПУКтун сессияларынын аралыгында ПБЧУнун саясий жана уюштуруу иштерин жүзөгө ашырат. ПБЧУнун негизги маалыматтык органы – Палестина маалымат агенттиги (ВАФА) жана «Филастын ас- Саура» («Революциячыл Палестина») жумалыгы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]