Пальгов мөңгүсү

Википедия дан

Пальгов мөңгүсүФергана тоо тизмегинин түндүк-чыгыш капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Арпа суусунун алабында. Узундугу 5,4 км, аянты 7,4 км2. Алабуга суусунун алабындагы эң ири мөңгү. Мөңгүнүн куралышына кырка тоонун түндүк-батыш айдарым капталынан түндүк-чыгыш ылымта капталын карай соккон кардуу катуу бурганак чон мааниге ээ. Башы 4660 м, этеги 3430 м бийиктикте жайгашкан. Кар чегинин бийиктиги 4045 м. Ага муз жаракалары, омурулган муздар мүнөздүү. Мөңгүдөн Арпа суусунун сол куймасы – Кичи Кара-Каман өзөнүнүн оң курамы башталат. Н. Н. Пальговдун ысмынан аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]