Пальмалар

Википедия дан
Cocos nucifera.

Пальмалар (лат. Palmae) – бир үлүштүүлөр классындагы дарак өсүмдүктөрдүн жалгыз тукуму. Сөнгөгү бутаксыз, шагы, жалбырагы чокусунда, бийиктиги 60 .мге, диаметры 1 жге жетет. Айрым түрлөрүнүн сөңгөгү бутактуу, кээсиники челек сымал жоон. Көпчүлүк Пальмалардын түбүнөн майда көп сабактары өсүп чыгып, бадалга окшош. Сабагы ичке, узун, оролуп өсүүчү лианалары да белгилүү. Жалбырагы кезектешип жайгашкан, узундугу 15 мте чейин же желпүүр сымал канаттай (диаметри 5 мдей). Пальмалар көбүнчө 5-12, кээде 30-50 жылда гүлдөп, мөмөлөгөндөн кийин куурайт (монокарп өсумдуктөр). Ton гүлү - сото же машактай, кээсиники чачыдай, же шыпыргыдай. Көбүнчө бир үйлүү, гүлү бир, кээде эки жыныстуу. Гүл коргон жалбырактары жашыл, ак же сары түстө болуп, 2 катар, чанда оролуп өсөт. Аталыгы көбүнчө 6, мөмөсү жемиш сымал же кургак, кээде данектүү, ачылбайт. Уругу ири, катуу эндоспермдүү. Пальмалардын 230дай уруусу, 3400дөй түрү негизинен тропикте, бир азы субтропикте таралган. Ал нымдуу тропик токойлорунда, деңиз жээктеринде өсөт. Пальмалардын экономикалык мааниси зор, көп өлкөлөрдө өтө керек тамак-аш булагы болуп эсептелет. Анын мөмөсү (курма ж. б.) желет, ошондой эле айрым Пальмалардан кант, шарап, спирт, шире, өсүмдүк майы ж. б. алынат, сөңгөгү курулушта, жалбырагы кагаз, була ж. б. алууда колдонулат. Пальмалар байыртадан эле кооздук өсүмдүк катары өстүрүлгөн. Крымдын түштүк жээгинде, Кавказдын Кара деңиз жээктеринде 20дан ашык түрү өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]