Панафриканизм

Википедия дан

Панафриканизм – адегенде расалык эзүүгө жана теңсиздикке каршы чыгып, бүт дүйнөдөгү негрлерди бириктирүү максатын көздөгөн, барабара Африка элдеринин саясий-экономикалык көз карандысыздыгы жана биримдиги үчүн күрөшкөн африкалык улутчулдардын кыймылына айланган идеялык-саясий аракет. Панафриканизм расалык дискриминацияны токтотуу, өнү кара жарандарга саясий укук берүү маселесин талап кылган АКШ жана Вест-Индиядагы негр интеллигенттеринин демилгеси боюнча 19–20-кылымдардын чегинде пайда болгон. Азыркы Панафриканизм панафрикалык 5-конгрессте (Манчестер, 1945) негизделген. Ага У. Дюбуа, К. Нкрума сыяктуу африкалык боштондук кыймылынын ишмерлери катышып, Африка өлкөлөрүнүн көбү өз алдынчалыкка жеткен. Бул идеяны Ливия лидери (1969-2011) Муаммар Каддафи кайрадан көтөрүп чыгып, бирок иш жүзүндө ийгиликке жеткен эмес.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]