Панель

Википедия дан

Панель – 1) курулуш конструкциясынын заводо даярдалган ири, жалпак элементи; ал заманбап имараттарды жана курулмаларды тургузууда кеңири колдонулат; 2) үйдүн керегесинин жасалгаланган ылдыйкы бөлүгү; 3) ферманын негизги күч келген эки чектеш түйүнүнүн ортосундагы аралык; 4) тротуар деген сөздүн синоними; 5) башкаруу, текшерүү, сигнал берүү органдары жайгашкан электр бөлүштүрүү щитинин, башкаруу пультунун, радио-техникалык түзүлүштүн ж. б. элементи; 6) тоо-кен ишинде штрек менен шахта талаасынын чегинин ортосундагы тилке.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]