Панисламизм

Википедия дан

Панисламизм – бардык мусулмандарды теократиялык мусулман мамлекеттерине бириктирүү максатын көздөгөн исламчыл динийсаясий идеология. 19-кылымдын аягында империалисттик экспансия күчөп, Чыгышта капиталисттик мамиле өнүгө баштаган мезгилде калыптанган. Панисламизм феодалдык мамлекеттик системаны сактап, колониячыларга каршы чыга турган исламдык саясий бирикмелерди жана саясий борборлорду түзүү максатында Мухаммед Жемалад-дин аль-Афгани (1839–97) теориялык жактан негиздеген. Панисламизм идеясын алгач 19-кылымдын аягында түрк агартуучусу М. Кемаль көтөрүп чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]