Панмиксия

Википедия дан

Панмиксия (гр. pan - баары жана mixis - аралаштыруу) - кайчылаш чаңдашуучу организмдердин популяциясында ар кандай генотипке ээ айрым жыныстуу особдордун эркин аргындашуусу. Тигил же бул даражадагы П. өсүмдүктүн жана жаныбардын көпчүлүк түрлөрүнө мүнөздүү. Толук П. Харди-Вайнбергдин законуна ылайык особдордо генотип класстарынын жыштыгы тең салмактуу бөлүштүрүлгөн ж-а гаметалары кокусунан бириктирилген үлгүлүү популяцияларда (чексиз чоң, миграциялар, обочолонуунун башка факторлору таасир этпейт, тандоо, мутациялардын басымы жок) кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]