Пантелеев, Петр Григорьевич

Википедия дан

Пантелеев, Петр Григорьевич (1904, Тюриков кыштагы, Курган облусу – 1961, Алматы) – геолог, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1953). Урал политехника ин-тун бүткөн (1930). Урал геол. башкармалыгында геолог, партиянын начальниги, экспедициянын башкы инженери (1930 – 43), Кыргыз ССР геол. башкармалыгынын башкы инженери (1943 – 48), начальниги (1948–56). Уралдагы титан-магнетит, ильменит ж-а сейрек металлдар кендерин издөөгө ж-а геол. чалгындоого катышкан. Кыргызстандагы урандын ири кенин ачуу менен геол. чалгындоого жетекчилик кылган. Ленин ордени, 2 Эмгек Кызыл Туу, 2 «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]